super.kg logo
  Саясат  

Максат Сабиров Ысык-Көл облусундагы жер түштүк кореялыктарга берилип жаткандыгын айтты

 
Бүгүн, 19-декабрдагы ЖКнын жыйынында Максат Сабиров Саруу айылынын тургундары жөнөткөн кат тууралуу айтты. 
Телеграммада саруулактар Жогорку соттун Жети-Өгүз районунун "Кайнар" пансионатынын 3,86 гектар жерин Түштүк Кореяга сатканын "чыккынчылык" деп белгилешкен. Депутат тургундар бул маселени мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечип берүүнү суранышкандыгын кошумчалады. 
"Мурда бул "Кайнар" пансионатынын ээси болуп, бирок кийинчерээк кандайдыр бир себептен жерди берүү боюнча акимиат чечим чыгарып берген. Бир нече жылдар бою түштүк кореялыктар соттошуптур. Жакында Жогорку сот алардын пайдасына чечим чыгарып бериптир. 10 жылдан бери бул ызы-чуу токтобой, ага эч ким чекит коё албай жатат. Өкмөттүн өкүлү бул маселени карап, чечип берүүнү эл суранып жатат",- деди Сабиров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: