super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

Бишкекте жашоочулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген курулушка уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкекте прокуратура кызматкерлери тарабынан “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана башка мамлекеттик контролдооочу мекемелердин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, үчүнчү жактарга курулуш чөйрөсүндө артыкчылыктарды камсыз кылуу максатында, шаар куруу документтерине атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен Ленин районунун аймагында кеңсе жайлары менен 10 кабаттуу мейманкана комплексин курууга тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап беришкендиги аныкталган.

Ага ылайык, курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктурасынын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, өрткө каршы коопсуздугунун минималдык талаптары сакталбай, чектеш болгон турак үйлөрүнүн жашоочуларынын жана шаар куруу ишин башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирилген.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ленин РИИБне тапшырылды",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: