Өкмөт башчы: "Пахтага суроо-талап жок болсо дыйкандар айдабайт да"
Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2014-жылга карата Кыргызстандын бюджети талкууланууда. Анда экономикалык көрсөткүчтөр каралып, айыл чарбада түшүмдүүлүк азайганы айтылды. "Мен "быйылкы жылы айыл чарбадагы көрсөткүч түшүп кетти" дегенге макул эмесмин. Мына арпа, буудай, буурчак былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе көп чогултулду. Бул өсүш эмеспи. Статистикалык комитеттин башчысын да чакырып сурагыла",- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Пахтанын аз аянтка айдалганына токтолуп, суроо-талап төмөндөгөндө дыйкандар айдабайт деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

