Мал доктурлукту окуган студенттердин окуу контрагын төгүп берүү каралууда
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз улуттук агрардык университети 2014-жылдын окуу жылынан тартып Нарын жана Ысык-Көл областынын айылдарынан келген абитуриенттерди ветеринардык кесипке тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Тараптар буга тиешелүү меморандумга кол коюшмакчы. Ветеринарлыкты тандаган жаштарга кызыктыруучу стипендия берүү же окуу контрагын төгүп берүү жагы каралууда. Тандалып алынган жаштар менен окуусун аяктагандан соң айылына кайтып барып өз адистиги менен иштөө боюнча келишим түзүлмөкчү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мал доктурлар жетишсиз. Азыркы учурда 1 849 миң адам ветеринардык кесип боюнча лицензия алганы менен анын баары мал доктурлук менен алектенбейт. Ошол эле маалда малдын саны өсүп жатат: кой-эчкинин саны 5 миллион болсо, бир жарым миллион уй, 500 миң жылкы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

