super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Бишкекте өткөн Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышып сөз сүйлөдү

 
Бүгүн, 12-декабрда Улуттук филармонияда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркуловдун туулгандыгынын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Абды Сүйөркуловдун жакындары, шакирттери, жердештери менен коомчулук өкүлдөрү катышты. Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөп, маараке ээси тууралуу көп ойлорду айтты. Сөз арасында "Абды Сүйөркулов каржы тармагы боюнча кыргыздан чыккан эң алгачкы жогорку билимдүү адис болгон. Кыргызстанда өзүнүн ийги иштери менен из калтырбаган аймак аз. Ал киндик каны тамган Кетмен-Төбөдө, Ноокатта, Жалал-Абадда, Таласта, Бишкекте эмгектенип, эл чарбасы үчүн өтө зарыл болгон жүздөгөн каржы адистерин, кесипкөй шакирттерин тарбиялап өстүрдү. Абды атанын жаркын элесин жүрөк түпкүрүндө бекем сактоо менен, анын атуулдук ариетине таазим кылабыз. Ушундай уулду тапкан Кетмен-Төбө жерине, ушундай уулду баккан Токтогул элине миң мертебе рахмат" деп баса белгиледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: