super.kg logo

"Туулган күнүмдөгү эң баалуу белек - апамдын жоолугу". Ырчы Гүлзада Рыскулова 44 жашка толду 

 

Бул күнү туулган күн тоскондордун катарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова дагы бар. Ал бул жылы 44 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы айымды куттуктап байланышканыбызда маанайы эң сонун экенин билдирди.

"Бүгүнкү маанайым эң сонун. Мен негизи туулган күн тоспойм, билбейм эмнеге. Бүгүн досторум менен тоого барабыз деп турабыз. Ал эми туулган күнүмдө эң баалуу белек апамдан болгон, жоолук берген. Азыр дагы бар, сактап жүрөм", - дейт Рыскулова.

Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүн аяктаган.

Ал алгач "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен чыгып, элдин жүрөгүнөн орун алган. Кийин кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектене баштаган.

Ошондой эле Гүлзада Рыскуловага 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. Анын "Мен кыргыздын кызымын", "Курманбек", "Жер эне", "Толгонуу", "Ынтымак ыры", "Ата-эне" аттуу чыгармалары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: