super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сомдон төлөп берүүгө шарт жок"

 

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын 2014-жылга карата бюджети талкууланып жатат. Анда депутаттар тарабынан борбор калаага спорттук зал куруу жана жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сом төлөп берүү боюнча маселелерди кароо керектигин айтышты. 

КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев каржы тартыштыгын эске салып, “Бишкектеги Спорт Ордосун оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бардык аренасын колдонууга берүү боюнча тапшырма бердим. Бирок жаңы зал курууга шарт жок”,- деди Сатыбалдиев. 

Мындан сырткары жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сом төлөөгө да каражат жок экендигин кошумчалады.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: