super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиядагы президенттик шайлоого жеринде байкоо салууда

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) байкоочуларынын курамында Орусиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салууда.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, 15-мартта депутат Алишер Эрбаев Орусиянын Федералдык жыйынынын федералдык кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев менен жолугушту. Анда үч күнгө созула турган президенттик шайлоого тиешелүү маселелер талкууланып, көрүлгөн даярдыктар жана добуш берүүнүн алгачкы күнүндөгү абал тууралуу сөз болду.

Ошондой эле Эрбаев ЖККУ ПАнын байкоочулары менен бирге шайлоо участкаларында болуп, добуш берүү өнөктүгүнүн жүрүшү менен таанышты.

Ал эми депутат Кундузбек Кошалиев президенттикке талапкер Николай Харитонов менен жолугушту. Анда талапкерлерге түзүлгөн шарт жана башка шайлоого тиешелүү маселелер талкууланды.

Жолугушууларга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев да катышты.

ЖККУ ПАнын байкоочулары Москва шаарындагы жана Москва облусундагы шайлоо участкаларында байкоо салуу иш-чараларын улантышат.

Белгилей кетсек, Орусиядагы президенттик шайлоо 15-17-март күндөрү өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: