super.kg logo

"Туулган күнүмдө кофеканам ачылып жатат" дейт 32 жашка толгон актёр Самат Эркинбеков

 

Бүгүн, 16-мартта актёр, тамашоучу Самат Эркинбеков 32 жашка толду.

"Түнү саат он экиден өткөндө ырчы инилерим келип куттукташты. Бул жылкы туулган күнүм Орозо айына туш келгендиги менен өзгөчөлөндү. Өздүк майрамымда кофеканабыздын экинчи филиалы ачылып жатат. Ошол жактан кечинде ооз ачып, досторум менен белгилейм. Негизи туулган күнүмө анчейин маани бере бербейм, бирок жакындарың куттуктап, жакшы каалоолорун арнашса абдан жагымдуу болот экен", - дейт ал.

Ошондой эле алдыда чыгармачылыгын кино тармагында улантарын кошумчалады.

Самат Эркинбеков 1992-жылы Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырган. 2012-жылы тиш техниги адистигине ээ болгон.

Самат Эркинбеков "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа-2", "Көк салкын", "Көк салкын-2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист", "Жора+Гуля" тасмаларында, "Шерине" сериалында роль жараткан. Ошондой эле кыргыз эстрада ырчыларынын клиптеринде образ жаратууга да жетишкен.

2015-жылы сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошуп, түгөйлөр 2020-жылы октябрь айында Иман аттуу уулдуу болушкан.

16-мартка карата жылнаама.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: