super.kg logo

Чүйдө бирге жашаган аялды өлтүрүүгө шектелген жаран изделүүдө 

 

Чүйдө Электромеханик дачасынан аялдын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Электромеханик" дачасынан киши колдуу каза болгон аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Каза болгон жаран 1975-жылы туулган М.А. экени такталган.

Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн алкагында кылмышты маркум менен чогуу жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган Шаршеев Бердибек Шеримкулович аттуу жаран жасагандыгы аныкталган.

"Шектүү тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабар берип коюуну өтүнөбүз: 0312 607567, 0500666600, 0702451577 же 102", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: