Кыргыз улуттук университетинин студенттери Жогорку Кеңештин иши менен таанышышты
Кыргыз улуттук университетинин студенттери Жогорку Кеңештин иши менен таанышышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, студенттер депутат Феликс Кулов жана Эристина Кочкорова менен жолугушту. Анда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмү, мыйзам чыгаруу жүрүмүнүн негизги этаптары тууралуу айтып, алардын бир катар суроолоруна жооп берди. Ошондой эле студенттер парламенттин тармактык комитеттери, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин иши тууралуу толук маалымат ала алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

