super.kg logo

Актёр, режиссёр Азамат Арыков 39 жашка толду

 

Бул күнү төрөлгөндөрдүн катарында актёр, режиссёр Азамат Арыков дагы бар. Ал 1985-жылы 18-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Арыков бул жылы 39 жашка толду.

Ал 2005-жылы Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырып, андан кийин "Оймо" киностудиясына жумушка орношкон. 2010-жылы Азамат Арыков режиссёр болууну чечип, Эрнест Абдыжапаровдун келечектеги режиссёрлор үчүн жыл сайын өтүүчү үчүнчү мастер-классына жазылат. Мастер-классты ийгиликтүү аяктап, режиссёрлукка карай жолду режиссёрдун жардамчысы, актёр жана аткаруучу продюсер болуп иштөө менен баштаган.

Андан соң көптөгөн тасмаларды актёр, режиссёр катарында жаратты. Акыркы тарткан киносу 2024-жылы жарык көргөн "Ниет" тасмасы болду. Андан сырткары "Аят", "Билерик", "Жашоо керемет", "Ысык-Көл беш бармагы" жана башка кинолорду жаратып келет.

SUPER.KG порталы актёрду туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, илим алуу үчүн кеткенин жубайы Бегай тастыктады.

"Биз негизи туулган күн тоспойбуз. Биз үчүн ар бир күн майрам. Азамат илим алуу үчүн Кара-Балтага кеткен. Бир ай ошол жакта болот", - деп билдирди жубайы.

Белгилей кетсек, Азамат Арыков жубайы Бегай менен үч баланы тарбиялап келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: