super.kg logo

Кыргыз театрынын Умай энеси, 120дан ашык роль жараткан Кыргыз Эл артисти Сабира Күмүшалиева тууралуу кызыктуу фактылар

 

Бүгүн, 19-мартта кыргызстандык жана Советтик театр жана кино актрисасы Сабира Күмүшалиева жарык дүйнөгө келген. Ал Кыргыз театр искусствосун профессионалдуу деңгээлге жеткирген инсандардын бири болуп саналат. Көзү тирүү болгондо быйыл 107 жашка чыкмак.

Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева 90 жаштык өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган. Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса атайын актёрлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып бергендиктен “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген баага татыган.

Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Чүй облусунун Төкөлдөш айылында (Кыргыз ССРинин Фрунзе облусу) дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Ал эми 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалими болуп кызмат кылган. Ал чыгармачылыкка болгон кадамын 1934-жылда баштап, Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген.

Ошол мезгилден тарта анын өнөрү өркүндөп, актрисалык чеберчилиги артып, театрга болгон кызыгуусу күч алып бүтүндөй жан дүйнөсү менен искусствого сүңгүп кирип, өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак тасмаларында, элдин эсинен кеткис спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жаратып, өзүнө түбөлүк урагыс эстелик тургуза алды. 1934-жылы Кыргыз драма театрынын курамына кирип, 120дан ашык ролду аткарган.

Ал бир канча сыйлыктардын ээси болгон. 1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн "СССРдин эмгек сиңирген артисти" андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган. Ал эми 2000-жылы Кыргызстандын Баатыры наамынын ээси болгон.

Ал кыргыз киносунда бир нече тасмада роль жараткан. Алар: "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Уркуянын энеси", "Ак кеме", "Эл арасында" жана башка бир канча тасмаларга тартылган.

19-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: