super.kg logo

"Туулган күнүмдү белгилебесем да Нооруз майрамы менен шаңдуу өтөт". Ырчы Нооруз Алымбаев 33 жашка чыкты

 

Бүгүн, 21-мартта ырчы Нооруз Алымбаев 33 жашка чыкты. SUPER.KG порталы ырчыны бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, шеринелештери менен бирге белгилей турганын айтты.

"Мен эң биринчи ата-энем менен бирге болуп, андан кийин кечинде ооз ачар маалында шеринелештерим менен бирге болом. Негизи бүгүн туулган күн тоспойм деп жаткам. Бирок дос балдарым шерине өткөргөнчө бирге тособуз дешти. Мен негизи туулган күнүмдү белгилебейм десем да, Нооруз майрамы менен ар дайым шаңдуу болуп өтөт",-деди ырчы.

Ошондой эла ал эң биринчилерден болуп түнкү он экиде Камил деген дос баласы куттуктаганын кошумчалады.

Ырчы Нооруз Алымбаев 1991-жылы 21-мартта Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жарык дүйнөгө келген. Ал бала кезинен ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчу.

Мектепте кечелерде ырдап, кийинчерээк "Ак марал" бий ансамблинде бийлеген. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн.

Көпчүлүккө казактардын "Көк жөтөл" аталышындагы элдик ырын кыргызча ырдап таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: