Оң рулдуу машиналарга бажы төлөмү көбөйөт
2015-жылдын биринчи кварталынан тарта Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу автоунааларга бажы төлөмдөрү жылына карабай кыйла көбөйөөрүн бүгүн, 19-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламент жыйынында билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Белгилей кетсек, Кыргызстанда оң рулдуу машиналарга тыюу салуу демилгеси бир топтон бери көтөрүлүп келет. Жогорку Кеңеш быйыл жазда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Президент Алмазбек Атамбаев буга каршы пикирин билдирип, аталган мыйзам унаа кызматын көрсөтүү тармагынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизерин жана башка мыйзамдарга карама-каршы келген нормалар бар экенин билдирип, аны кайрадан иштеп чыгууга жөнөткөн.
Мыйзамдын демилгечилери мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керектигин белгилешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

