super.kg logo
  Спорт  

"Оор күндөрдү башымдан кечирип жатам". Штефан Таркович оюндан кийин билдирүү жасады

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович кытайлык Тайбэй менен болгон оюндан кийин билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө башкы машыктыруучу футболчулар бүт оюнду анын үй-бүлөсүнө арнаганын айтты.

"Мен азыр чынында эле оор күндөрдү башымдан кечирип жатам, бүгүн команда атам экөөбүзгө унутулгус бир ишарат жасады. Жигиттер биринчи голду гана эмес, бүт оюнду менин үй-бүлөмө арнашты. Мен бул команданын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын.

Биринчи кезекте, балдар өз мүнөзүн көрсөтүштү, анткени оюндун жарымынан көбүн аздыкта ойноп, ошол эле учурда жеңишке жетүү – бул жакшы көрсөткүч. Албетте, тактика маанилүү, бирок команда бүгүнкү оюндагыдай мүнөзгө ээ болбосо, эч кандай тактика жардам бербейт.

Албетте, күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Биз үйүбүздөн алыс жерде ойносок дагы, дайыма колдоого ээ болобуз. Алар бүгүн команданы кубаттап турушту. Ушундай колдоого ээ болуу өтө чоң сыймык", - деген Таркович.

Кечээ, 21-мартта "Ак шумкарлар" кытайлык Тайбэйди 2:0 эсебинде утуп алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: