super.kg logo

"Туулган күн тоскону маанай деле жок". Ырчы Бактияр Токторов 54 жашка толду 

 

Бүгүн, 25-мартта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов туулган. Ал 1970-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Коммунизм айылында төрөлгөн. SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, туулган күн тоспой турганын билдирди.

"Мен туулган күн тоспойм деле, ага азыр маанай деле жок. Досторум, жакын адамдарым чалып куттуктап жатышат", -деди ал.

Токторов мектепте окуп жүргөн кезинде комуз, гитара черткенди үйрөнгөн. Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүрүп, 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзөт. Кийин "биздин ырлар" деп ырдап жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн.
Эл артистинин "Буй-буй" аттуу чыгармасы көпчүлүктүн купулуна толгон ыр. Ал чыгарма 2005-жылы эгиз кыздары өлүү төрөлгөндө жарык көргөн оригиналдуу ыр экенин ырчы мырза айтып келет. Ошондой эле аны аткаруу учурунда бийлеген бийи анын трагедиялык мүнөзүн билдирген.
Белгилей кетсек, Бактияр Токторов бүгүн 54 жашка толду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: