super.kg logo
  Саясат  

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук федерацияларды аккредиттөө боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 12-декабрда ЖКнын жыйынында каралды. Бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды бирдей түрдө колдонуу максатында иштелип чыккан. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамда “параолимпиадалык” деген сөздү тиешелүү жөндөмөдөгү “паралимпиалык” деген сөзгө алмаштыруу сунушталган. Ошону менен катар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин компетенциясынын тизмегин спорттук федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды аккредиттөө менен толуктоо сунушталган. Депутат Каныбек Осмоналиев спорттун бир эле түрү боюнча федерациянын эки башка жетекчилери болушу, алардын ортосундагы пикир келишпестиктер кездешип келе жаткан фактылары бар экенин белгилеп, мындай жагымсыз жагдайларды четтетүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору сунушталышы зарыл экенин белгиледи. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жолдонду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: