Азиз Батыров шакирттери менен чогуу Казакстанда өтө турган эл аралык сынакка катышат
Ырчы, дастанчы Азиз Батыров коңшу Казакстандын Алматы облусунда өтө турган эл аралык сынакта шакирттери менен чогуу Кыргызстандын намысын коргойт. Мындай маалымат ырчынын өзү менен байланышаныбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, ырчынын шакирттери болгон "Ынтымак" тобу Кыргызстандын намысын коргойт. Ал эми өзү калыстар тобунун мүчөсү катары чакырылган.
"Буюрса даярдыктарыбыз жакшы, өлкөбүздүн желегин татыктуу желбиретип келем деген ишеничтемин", - деди Азиз Батыров.
Эл аралык сынак 31-мартта өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.