super.kg logo

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгресси өтүүдө

 

Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана өкмөт аны стратегиялык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессин ачып жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда.

"Бүгүн Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда мындай масштабдуу конгрессти уюштурууда жана өткөрүүдө алгачкылардан болуу сыймыгына ээ болду. Бул конгресс биздин өлкөлөрдүн ортосундагы медициналык кызматташтыкты тереңдетүү жолундагы биринчи кадам болот деп ишенем. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык - бул медициналык илимди жана практиканы өнүктүрүүгө, медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле бардык жарандар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоого көмөктөшүүчү маанилүү интеграциялык инструмент", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: