super.kg logo

Айыма & Элима: "Атактуу адамдын кыздары болгондун деле терс жактары бар"

 

SUPER.KG порталынын бул жолку меймандары белгилүү ырчы, телеалпаруучу Анжелика Кайратовнанын сулуу, тарбиялуу кыздары Айыма жана Элима болду.

Айыма ырчы катары өзүнүн тушоо кесүү концертин берүүгө жетишсе, Элима моделдик чөйрөдө өзүн сынап жүрөт.

Кичине кездеринен тартып элдин көз алдында жүргөн таланттуу кыздар маек учурунда кызыгуулары, күйөрмандарынан келген белектер, апасынын тарбиясы жана эже-сиңдилик мамилеси тууралуу айтып беришти.

"Жеке ишкердикке аябай кызыгып жүрөм" деген Айыма быйыл мектепти аяктоо алдында турат. Ал мектепти бүтүп, Дубайда бизнес жаатындагы окуу жайга тапшыруу максаты бар экенин айтты.

"Буюрса, мектепти бүтсөм Дубайда бизнес жаатындагы окуу жайга тапшырсамбы деген максатым бар. Эмне үчүн Дубай? Анткени коопсуз өлкө, өнүгүү жолу кызыктуу. Чет өлкөдөн билим алуу тууралуу максатымды апам да колдоп жатат. Учурда экзамен, тесттерди тапшырууга даярдыктар күчүндө. Ошондой эле бүтүрүү кечесине да даярдыктар кызуу башталды", - дейт Айыма.

Ал эми Элима белгилүүлүктүн артыкчылыктары көбүрөөк болуп жатканын, мындан улам алар өзүлөрүн татыктуу алып жүрөрүн кошумчалады.

"Биз апама сөз тийбесин деп дайыма жүрум-турумубузду көзөмөлдөп, туура жүргөнгө аракет кылабыз. "Анжелика кыздарына мыкты тарбия бериптир" деп айтып калышат. Көптөр көргөн жерден батасын берип, жылмайып, жылуу сөздөрүн айтат. Мындай сөздөр бизге мотивация берет. Анткени биз ар бир күйөрмандын пикирин сыйлайбыз. Биз үчүн белгилүүлүктүн артыкчылыктары көбүрөөк болду", - дейт Элима.

Анжелика Кайратованын татынакай кыздарынын кызыктуу маегин толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: