Жаш ырчы Нурсултан Азыкбаев ооруканага түштү
Ырчы Нурсултан Азыкбаев жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, Нурсултан Азыкбаев Улуттук кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө түшүп калган. Буга ырчыда пневмониядан улам тромб пайда болгону себеп болгон.
"Таланттуу аткаруучубуз Нурсултан Азыкбаев Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ал кечээ жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Нурсултанга дуба кылалы. Сакайып кетсин",-деп жазган Молдокматова.
Нурсултан Азыкбаев бир катар эл аралык сынактарда Кыргызстандын намысын коргогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.