super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр "Баткен аэропорту эң приоритеттүү эл аралык аба майданына айланат" деди

 

Бүгүн, 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 - 2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып жаткан учурда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келечекте Баткен аэропорту эң приоритеттүү эл аралык аба майданына айлана тургандыгын айтты.

Анын айтымында, өлкөдөгү ички аэропорттордун бардыгы анализден өткөн жана Баткен аэропорту эң приоритеттүү деп табылган.

"Учурда Баткен аэропортун эң приоритеттүү эл аралык аба майданына айландыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Каражат табылып калса, Исфана жана Тамчы аба майдандары дагы ишке киргизүү пландалууда. Ал эми Жалал-Абад аэропортуна күндүз конууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан ал аба майданынын маселеси кийинки планга киргизилди",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: