Ошто баңгизат сатууну жаштарга жарнамалаган шектүү кармалды











Ошто наркотикалык заттарды таратуу жана пайдалануу үчүн өз үйүнө көмүскө жай уюштурган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция синтетикалык наркотиктерди жарнамалап, аларды таратуу үчүн жаштарды жумушка чакырып жүргөн Ош шаарынын 1997-жылы туулган тургуну К.Д.ны кармаган.
"Шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, баңгизаттарды колдонууга ылайыкташтырылган көмүскө жай аныкталган. Ал жерден 4 даана атайын оролгон наркотикалык зат, синтетикалык дарыларды колдонууга керектелүүчү каражаттар, жаштарды наркотикалык заттарды жеткирүү жумушуна чакырган жарнамалык баракчалар табылган. Ошондой эле бул жерден наркотикалык заттарды пайдаланган айрым адамдардын өздүктөрү такталып, кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Атайын экспертиза тарабынан үйдөн табылган заттар синтетикалык баңгизаттар экендиги аныкталган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.