super.kg logo

"Бейиш эненин таманында" аттуу кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндө 1 миллион доллардан ашык акча чогултту (видео)

 

"Бейиш эненин таманында" аттуу кыргыз тасмасы 4 күндүн ичинде миллион доллардан ашык акча чогултуп, Казакстанда №1 болуп, Голливуд блокбастерлеринен озуп кетти. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерин сатуу кызматы билдирди.

Режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккандан кийин төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) 1 миллион доллардан ашык акча чогултту. Чет элдик тасмалардын кассадагы түшүүлөрүнөн алдыга чыкты десек да болот.

Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде "Кунг-фу Панда 4", "Дюна 2" жана Ghostbusters франшизасынан да алдыңкы орунда.

Ошондой эле аталган тасма Кыргызстанда да прокатка чыккандан бери алдыңкы орунду бербей келе жатат.






Казакстанда "Бейиш эненин таманында" аттуу кыргыз тасмасы 4 күндө 1 миллион доллардан ашык акча чогултту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: