Кубат Оторбаев КТРКнын жетекчиси бойдон калды
Бүгүн, 19-декабрда КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директор Кубат Оторбаевди
кызматтан алууга макул болгон жок. Ага ишеним көрсөтпөө боюнча добуш
берүүнүн жыйынтыгында Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн 9у "каршы", 6сы "макул" деген
добуш берген. Буга чейин Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков
мындай маселени көтөрүүгө Оторбаевдин жылдык отчётунун
канааттандырарлык эмес деп табылышы негиз болгонун билдирген.
Эске салсак, Кубат Оторбаев КТРКнын жетекчилигине 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң келген.
Автор: Дамира Арстанова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

