super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Түркиянын эли өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүү жолунда мамлекеттик багытты колдоорун дагы бир ирет көрсөттү",- деп жазылат куттуктоодо.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экенин баса белгилеп, кыргыз тарап Түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жогорку мамлекеттик кызматтагы ишине ийгиликтерди, ал эми түрк элине ачык асман жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: