super.kg logo

"Чүйдөн Ошко". ИИМдин жетекчилик кызматында бир катар өзгөрүүлөр болду

 

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББинин башчысы кызматына дайындалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.
Ушул эле буйруктун негизинде, Ош ШИИБнын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
Ал эми Чүй ОИИББинин башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп Ош ШИИБнын башчысы кызматына дайындалды.
Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнын башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.
"Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат.
Алардын алдында бир топ аткарыла турган иштер турат, жаңы жетекчилер коомдук тартипти сактоого, кылмыштулуук менен күрөшүүдө жана ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоолору керек", - деп билдиришти ИИМден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: