super.kg logo

Тазабек Икрамов унааларга болгон камсыздандыруу маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов автотранспорт каражаттарын камсыздандыруу боюнча маселе көтөрдү.

Ал унааларды камсыздандыруу иштери мамлекет тарабынан эмес, жеке менчик компаниялар аркылуу жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

"Мамлекет сөзсүз түрдө камсыздандыруу керек деп туруп жеке менчик компанияларды алып келип жатат. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыгы бар. Же бирөөсүнүн үлүшү бар. Болбосо мамлекетке эмнеси кызык, жеке менчик компанияга камсыздандыруу жасайсың деп элди түрткөнгө", - деди Икрамов.

Эл өкүлү ар бир адам унаасын өз каалоосу менен камсыздандырышы керек деп эсептейт.

Ошондой эле депутат камсыздандырууну жүргүзүп жаткан компаниялардын унаа кырсыктаганда оңдой турган жайлары болушу керектигин айтып, бир катар талаптарга жооп бере турган шарттары түзүш керек дейт.

Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Бирок бул маселе улам артка жылып, ишке ашпай келе жатат.






Жогорку Кеңеш 02.04.24

Жогорку Кеңеш 02.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: