super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысы Кулубаев Малайзиянын премьер-министри менен жолукту

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин жолугушуусу болуп өттү. Бул жөнүндө министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, жолугушууда Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимге жылуу сөздөрүн билдирүү менен жакынкы убакытта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун жолдоду.

Ошондой эле министр Кулубаев Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Кыргызстандын Малайзия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин ырастады.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана кыргыз-малайзия мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде билим берүү, халал индустрия, инвестициялык секторду, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: