super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев Ангела Меркелди кайрадан канцлер болуп шайланышы менен куттуктады

 
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мамлекет башчысы куттуктоо катында Германиянын Федералдык Өкмөтү Кыргызстанга демократиялык кайра түзүүлөрдү тереңдетүүдө жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө ар дайым колдоо жана көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Президент азыркы учурда кыргыз-германиялык мамилелери өнүгүүнүн жаңы этабына өтүп, өлкөлөрүбүздүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына төп келген өз ара пайдалуу негиздерге ээ болуп жаткандыгын баса айтты. Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди жана бакубаттуулук, ал эми Германиянын достук элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: