super.kg logo
  Саясат  

Кадамжайлык Абдырахман Акимов трактордон шалы жыйноочу комбайн жасады

 
Алгач базардан керектүү техникаларды сатып алып чогултат экен каарманыбыз.
Алгач базардан керектүү техникаларды сатып алып чогултат экен каарманыбыз.
Алгач базардан керектүү техникаларды сатып алып чогултат экен каарманыбыз.
Алгач базардан керектүү техникаларды сатып алып чогултат экен каарманыбыз.
Алгач базардан керектүү техникаларды сатып алып чогултат экен каарманыбыз.
"Кураштырып болгон соң табитиме туура келген сыр менен сырдап чыгам" дейт Абдырахман.
Комбайн 1 гектар шалыны оруу үчүн 90-100 литр күйүүчү май сарптайт. Эмгек акысы үчүн 20 миң сомдун тегерегинде акча алат.
Талаага чыкканга даяр турган комбайн.

Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылынын тургуну 26 жаштагы Абдырахман Акимов трактордон шалы жыйноочу комбайн жасады. Бул тууралуу өзү SUPER.KG порталына билдирди. 

Мектептен 9 класстык билим алган Абдырахман атайын инженердик кесипке ээ болбой туруп өз таланты менен комбайн жасап келет. Анын айтымында, таланты 2-класста окуп жүргөндө эле ачылып, үй жылытуучу прибор ойлоп тапкан. 

"Буга чейин мындай комбайндан 5ти кураштыргам. Алардын баарын сатып жибердим. Алгач керектүү техникаларды сатып алып, анан кураштыра баштайм. Алгачкы комбайнымды 2004-жылы кураштырып, 2500 долларга саткам. Учурда алардын баары эл үчүн кызмат кылып жатат. Бул мен үчүн сыймык. Анткени ага чейин айылда мындай техника жок болгондуктан, эл шалыны кол менен жыйначу. Бул техникамдын артыкчылыгы - шалыны оруп, тазалап чыгарып бергендигинде",- деп кошумчалады каарманыбыз. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: