super.kg logo

Шоумен Бакыт Байсариев "Маданияттын мыкты кызматкери” болду (сүрөт, видео)

 

Белгилүү алып баруучу, шоумен Бакыт Байсариев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу алып баруучу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда Бакыт Байсариев төш белги маданият тармагына өзгөчө салым кошкон өнөрпоздорго берилерин жазып, сүрөт, видеолору менен бөлүштү.

"Төш белги маданият тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жана көп жылдык эмгеги үчүн чыгармачылык чөйрөсүндөгү адамдарга ыйгарылат. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги Назгүл экөөбүзгө бул медалды тапшырды. Колдооңуз үчүн чоң рахмат!" деген Байсариев.

Видеодон төш белгини маданият министри Алтынбек Максүтов такканын көрүүгө болот.





Бакыт Байсариев маданияттын мыкты кызматкери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: