super.kg logo

Дамба жарылып, суу каптаган Оренбургда кырдаал курч бойдон калууда

 

Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкыны боюнча кырдаал оор бойдон калууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков бүгүн, 7-апрелде суу каптаган Орск шаарына келди. Ал жеринде бардык керектүү чараларды көрүү үчүн президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен барган. Ага орун басары Илья Денисов Оренбург облусундагы кырдаалды татаал деп баалап, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.

Урал дарыясындагы жана ага куйган дарыяларга суунун толуусу уланып жатат. Өткөн суткаларда Орск шаарында суунун деңгээли 28 сантиметрге, жалпысынан облус боюнча суунун деңгээли акыркы күндөрү 11 сантиметрден 65 сантиметрге чейин көтөрүлдү.

Облуста 6 миңден ашуун турак жай суу алдында калды. Сегиз миңден ашуун үй электр жарыгысыз отурат. Аймактан миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бийлик суу ташкыны каптаган аймактан беш адамдын сөөгү табылганын ырастап, бирок алар сууга чөгүп эмес, башка себептерден каза болгонун кошумчалады.

Учурда облуста өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жеринде 700 куткаруучу иштеп жатат.

Эске салсак, жума күнү облустагы Орск шаарын Урал дарыясынан коргоп турган дамба жарылып, суу каптаган. Дамба 2014-жылы курулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: