super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды  

 

Бүгүн, 9-апрелде президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы байланыштардын азыркы абалы жана келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.

Ал эми мамлекет башчысы кыргыз тарап Азербайжан менен болгон мамилеге өзгөчө маани берерин белгиледи. Акыркы жылдары эки тараптуу мамилелердин тарыхында чоң жылыш болду - 2022-жылы жогорку деңгээлдеги эки сапар болду, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер жөнгө салынды.

Ага ылайык, тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгилеп, Мамлекеттер аралык кеңеш жана Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүп, Азербайжан тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу жөнүндө Макулдашууга кол койгонун канааттануу менен баса белгиледи. Мунун баары мамлекеттер аралык мамилелер учурда абдан динамикалуу өнүгүп жаткандыгын жана буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экендигин айгинелейт.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Садыр Жапаровго жолугуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ага байланыштуу Жейхун Байрамов президент Ильхам Алиевдин атынан Садыр Жапаровду быйыл Азербайжанда өтө турган аталган иш-чарага катышууга чакырды.

"Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча чараларды көрүп жатканын жана Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду бул багытта натыйжалуу платформа болуп саналарын, анын жардамы менен ар кандай тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылганын белгилешти",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: