Жантөрө Сатыбалдиев: “Бишкекте оор жүк ташуучу унаалар үчүн айланма жол курушубуз керек”
Бишкекте оор жүк ташуучу унаалар үчүн айланма жол курулушу керек. Бул тууралуу кечээ, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, учурда жолдордогу абал жана жол коопсуздугу маселеси абдан курч турууда.
“Таң эртеңден тарта жол тыгындары пайда болууда. Ага жөө жүрүүчүлөр да өз кедергисин тийгизүүдө. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаалар да жагымсыз абал жаратууда жана абаны булгап жатат. Бул багытта келечекте оор жүк ташуучу унаалар үчүн айланма жол курулушу керек",- деди Жантөрө Сатыбалдиев өз сөзүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

