Ошто эки окуучуну унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
Ош шаарында эки окуучуну унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-апрель күнү саат 15:00 чамасында болгон. Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 8-классынын окуучулары, 2010-жылы туулган К.А жана 2009-жылы туулган М.Д. жөө жүргүнчү өтүүчү жерден өтүп бара жатканда Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен.
Окуучулар алган жараатынан улам Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына кайрылган.
Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Анын жыйынтыгында айдоочунун аты-жөнү аныкталып, 1996-жылы туулган К.Н кармалган. Унаасы айып короого киргизилди.
Эки окуучуну унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.