super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө мал уурулукка каршы бир айлык жарыяланды

 
Мындай тапшырманы күч кызматкерлерине өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бергенин облустук бийликтин басма сөз кызматынан бүгүн, 20-декабрда билдиришти.
Тапшырмага ылайык, облустун айыл-кыштактарында иштеп жаткан милиция кызматкерлери бул жаатта тургундар менен тыгыз иш алып барууга милдеттүү. Айрыкча айыл өкмөттөрдөгү мал каттаган адистер, касапчылар жана колбаса цехтеринде иштеп жаткандар кайсы бир адамдан шектенсе, милицияга маалымат берүүгө тийиш экени тапшырмада айтылат.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери аймакта 279 баш мал жоголгон. Андан келтирилген чыгым 4 миллион 511 миң сомду түзөт. Уурдалган малдын 70 пайызга жакынын кой-эчки, 21 пайызын жылкы жана 14 пайызын бодо мал түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: