super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Жалал-Абадда Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты

 

Бүгүн, 12-апрелде президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда Р.Г. Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган борбор 1948-жылы чопо жана жыгач сыяктуу материалдардан курулуп, моралдык жактан эскирген эле. Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен кургак учукка каршы оорукананын жаңы имаратынын курулушу эл аралык стандарттарга ылайык, инфекциялык контролдоо чараларын сактоо менен башталган.

Жаңы үч кабаттуу имарат 96 орунга ылайыкталган.

Ага ылайык, мамлекет башчысы бейтаптардын жайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттары бар палаталарды, ошондой эле орнотулган медициналык жабдуулар, анын ичинде заманбап санариптик рентген аппаратты көрүп чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: