super.kg logo

Ноокатта тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалымдалгандай, тергөөчү К.Х.Т. жабырлануучунун жеке-ачык айыптоосун колдоодон баш тарткандыгы тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан бейбаштык боюнча материалдар боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

28-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 миң сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т. кармалган.

"Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын кыймылдаткыч бөлүгүнүн салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалган К.Х.Т. Ош шаардык сотунун чечими менен 27-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: