super.kg logo

Бишкекте бактан баңгизат издеп жаткан жарандар кармалды

 

Бишкек шаарында баңгизат издеп жаткан үч шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган жарандар 1986-жылы туулган Ш.М.Д., 1985-жылы туулган И.А.Э., 1990-жылы туулган Т.Б.Т. болуп, өздүгү такталган.

"12-апрель күнү болжол менен саат 21:40 чамасында күзөттө турган милиция кызматкери имараттын айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда, түндүк тарабындагы бактардын жанында 3 шектүү адам чөптөрдүн арасынан бир нерсе издеп жатышканын көргөн. Мындан улам ал шеригин чакырып, экөө шектүү адамдардын жанына барышкан.

Алардын өздүгүн жана эмне издеп жатышкандыгын тактоо үчүн аларды кармашып, издеп жатышкан жерди жакшылап караганда кызыл түстөгү, скотчтолгон шектүү белгисиз зат жатканын көрүшкөн. Ошол эле замат 102 кызматына билдиришкен", -деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдар жана табылган зат Октябрь РИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: