super.kg logo

Орок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы менен Сокулуктун тургуну кармалды

 

Жер тилкесин жасалма документ менен мыйзамсыз берген факты аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жер тилкелерине болгон укук берүүчү документтер жасалмаланган. Мындай схеманын түпкү максаты жер тилкелерине болгон менчик укугун алуу гана эмес, аларды сатуудан пайда алуу болгон.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Чүй облусу менен Бишкек шаарынын кесилишинде жайгашкан жер тилкеси айыл өкмөттүн жасалма чечиминин негизинде айрым адамдарга сатылып кеткен. Кийин 2023-жылы жалган чечимдин негизинде Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдары тарабынан каттоо жүргүзүлгөн жер тилкесин менчикке берүү жана каттоо укуктары жөнүндө чечим чыгарылган. Көрсөтүлгөн аракеттердин натыйжасында жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилген.

Топтолгон документтердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Иш жүзүндө жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясына таандык. 2007-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын токтому менен аталган жер тилкеси борбор калаанын башка жашоочусуна берилген. Тергөөнүн алкагында Орок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана Сокулук районунун тургуну кылмыш ишинин фигуранттары катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен аталган жарандарга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу түрү тандалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыга башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө жана тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: