Издөөдө жүргөн шектүү тигүү цехинде жашынып жүргөн жеринен кармалды (видео)

Маалыматка караганда, шектүү өзүн башка ат менен тааныштырып, жашырынуу максатында тигүү цехинде иштеп жана жашап жүргөн. Ал камакка алынды.
Эске салсак, былтыр 4-апрелде Ысык-Ата районунун Алга айылынын четиндеги көлмөнүн жанында 1989-жылы туулган жаран скотч менен байланган абалда табылган. Окуя 3-апрелде болуп, шектүүлөр жабырлануучуга унаасын сатып алабыз деп жолугуп, ал жерден күч колдонуп, скотч менен байлап, унаанын документтерин, 50 миң сомун жана телефонун ээлеп алышкан. Андан соң талаага алып келип, таштап качып кетишкен. Көп узабай 3 шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган болчу.
16.04.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.