super.kg logo

Чүйдө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери кармалды (видео)

 
Чүйдө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка караганда, мекеменин Сокулук-Москва бөлүмүнүн айрым кызмат адамдары былтыр апрель айынан ноябрь айына чейинки мезгилде кызматтык укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, пайда табуу максатында белгисиз адамдар менен кылмыштуу бүтүмгө келишкен. Анда мамлекеттик кызматкерлер берген жасалма транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр (техникалык паспорт) өлкөгө оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө пайдаланылып турган. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жасалган коррупциялык иштерге шектелип "Унаа" мамлекеттик мекемесинин учурдагы адиси 1988-жылы туулган С.Ж. жана 1974-жылы туулган А.Р., С.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Ошондой эле алардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, унааны каттоо күбөлүктөр жана мамлекеттик номурлар далил катары табылды.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.





16.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: