Ысык-Көлдө тургундун сарайынан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды



Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун сарайынан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери И. аттуу жаран баңгизатты ири өлчөмдө сатып жана таратып жүргөндүгүн аныкташкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Жети-Өгүз районунун 1977-жылы туулган В.И.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
"Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда сарайынан жалпы салмагы 9 килограмм 20 граммды түзгөн зат табылган. Соттук-химиялык экспертиза аркылуу аталган заттар 2 килограмм 514 грамм гашиш жана 5 килограмм 900 грамм марихуана баңгизаты экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.