super.kg logo
  Саясат  

Д.Бекешев: "Мыйзамды өзгөртүү келечектеги президентке аскердик жана куралдуу күчтөрдү өзү каалагандай пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет"

 

 Бүгүн, 20-декабрда депутат Дастан Бекешев «Ар-намыс» фракциясынын жыйынында "куралдуу күчтөр жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү, болочоктогу президентке аскердик күчтөрдү өзү каалагандай кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет" деди.

Ошондой эле ал «2017-жылдан кийин кандай президент келерин эч ким билбейт. Эгерде ал эл ишенимин актабай, мурдагыдай эле коррупция жана үй-бүлөлүк системде өлкөнү башкара турган болсо, жарандар дагы митингдерге, нараазычылык акцияларына чыгышат. Эгер бул мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизсек, президентте элге каршы курал колдонуу укугу болот. Демек, өлкө ичиндеги саясий максатта аскердик күчтөрдү пайдаланууга тыюу салуу, ошондой эле президентке аскердик күчтөрдү колдонуу менен кыянаттык кылбашы үчүн аныктаманы так жазуу керек",- деп белгиледи өз сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: