super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

 

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2023-жылы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчётун укту.

Жыйында депутаттардын суроолоруна башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жооп беришти.

Депутат Акылбек Түмөнбаев Казакстанда кармалып, соттолгон кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди экстрадициялоо маселесине токтолуп, анын качан алынып келинерин тактады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул маселе жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

Депутат Миргүл Темирбаева президенттин жарлыгына карабай билим берүү мекемелеринде негизсиз акча чогултуулар токтобой жатканын белгилеп, бул көрүнүштөргө башкы прокурорду көңүл бурууга чакырды.

Ал эми эл өкүлдөрү Камила Талиева менен Нилуфар Алимжанова ооруканаларда балдардын массалык түрдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы боюнча компенсация төлөп берүү жана кылмыш иштерин жандандыруу маселесин көтөрүштү. Депутат Эльвира Сурабалдиева "Бишкекасфальтсервис" ишканасына 4 жыл мурда козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгына кызыгып, аны көзөмөлдөөгө чакырды.

Жыйынтыгында депутаттар башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: