Токмок шаарында "адам өлтүргөн" деп шектелип бир адам кармалды
2012-жылдын май айынан бери издөөдө жүргөн, “адам өлтүрдү” деп шектелип жаткан жаран Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды.
Маалыматка караганда, 2012-жылы 24-майда Токмок шаарында азиат улутундагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Бир катар тергөө иштердин негизинде 32 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кылмышка шектелген. Ал окуя болгондой кийин из жашырып качып кеткен. Кечээ, 19-декабрда ошол шектүү адам кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.