super.kg logo

Бишкектин борборунда адам уурдалган. Милиция шектүүнү кармады

 

Бишкекте адам уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 23-октябрында А.К. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал белгисиз жарандар Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилишинде аны эркине каршы Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаага салып, колун жип менен байлап, белгисиз тарапка алып барып, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 16-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жарандын өздүгү такталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: