Бишкекте Пакистан менен Бангладештен келген дагы 37 адам кармалды (фото)




Борбор калаада миграциялык мыйзамдарды бузган 37 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
16-апрелде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан миграциялык талаптарды сактабай, өлкөбүздүн аймагында жүргөн 37 чет элдик жаранды аныктап, алар милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Алардын 14ү Пакистандын, 23ү Бангладештин жарандары. Аларга карата протоколдор түзүлдү.
Учурда чет элдик жарандарды чакырган жеке же юридикалык жактар такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.